• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айында Аламүдүн районунун ИИБине Чүй облусунун 66 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, чала тааныш эркек киши анын ишенимине кирип “Опель” үлгүсүндөгү автоунаасын алып, бир нече күндүн ичинде акчасын берем деп кеткен боюнча бир нече жылдан бери акчасын бербей жүргөнүн билдирген.

Жогорудагы арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББинин КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 41 жаштагы Т.К. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда шектүү жаран КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы маалым болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий