• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аламүдүн районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү кармалды

Коом 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-июлда Адамүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан денесинен ар кандай жаракат алган жаран жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери дарекке барышканда ооруканага жаткырылган адам 1979-жылы туулган К.К. аттуу жаран экенин аныкташкан. Ал жерде анын бир тууган эжеси денеге залал келтирүү фактысы боюнча белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчүн билдирген.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Ден соолукка оор залал келтирүү") негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1978-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө окуянын келип чыгышына жарандардын ортосундагы чыр-чатак себеп болгону аныкталып, анын натыйжасында жабырлануучу көптөгөн дене жаракаттарын алган.

Учурда шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бардык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий