• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүн районунда үйдөн өрт чыгып, бир адам ооруканага жеткирилди

Кырсык 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Аламүдүн районундагы Жеңиш жаңы конушунун Эркиндик көчөсүндө жыгач устундуу темир менен жабылган үйдөн өрт чыккан.

ӨКМден кабарлашкандай, анын кесепетинен 85 чарчы метр турак үйдүн чатыры, документтер жана тиричилик буюмдары күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 19 жаштагы К.Э. аттуу жаран бутунан жаракат алып, тез жардам кызматкерлери тарабынан ооруканага жеткирилген.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий