• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүн районунда көчөдөн 2 жаштагы бала табылды, ата-энеси жазаланат

Коом 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Аламүдүн районунда наристе ата-энесинин кароо жок калган. Ата-энесине балдар иштери боюнча комиссия үчүн материал даярдалууда. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Коопсуз балалык” рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө Аламүдүндөгү көчөлөрдүн биринде жанында ата-энеси жок кичинекей наристе табылган, ал болжол менен 2 жашта.

Наристенин ата-энесин аныктоо максатында милициянын кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жергиликтүү тургундардан сурак алгандан 3 саат өткөн соң баланын жана ата-энесинин жашаган жери аныкталган.

Андан соң баланын атасы – 35 жаштагы Т.Т. жана апасы 32 жаштагы К.Р. экендиги маалым болгон.

Эки жаштагы бала ата-энесине өткөрүлүп берилген. Алар менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Учурда ата-энесине карата Аламүдүн районунун балдар иштери боюнча комиссиясынын отурумунда кароо үчүн материал даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий