• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүн районунда күйөөсү аялын өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылган

Кырсык 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Аламүдүн районунда күйөөсү аялын өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-июнунда саат 07:23 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ак-Жар айылында бычактан жаракат алуу фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Аламүдүн РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышып, аялдын жансыз денесин табышып, өздүгүн такташканда (алдын-ала маалымат боюнча ал бычактан жаракат алган), 1986-жылы туулган И.Г. аттуу жаран болуп чыккан.

Мындан тышкары, эркек адам дагы ошол эле жерден табылган, ал дагы алдын-ала маалымат боюнча бычактан жаракат алган, анын 1983-жылы туулган З.Ж. аттуу жаран экени аныкталып, тез арада ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Аламүдүн РИИБ КЖБР КР Кылмыш-жаза кодексинин 130 ("Адам өлтүрүү") беренеси менен каттылып, сотко чейинки өндүрүш башталып, керектүү экспертизалар дайындалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, күйөөсү аялына бычак менен кол салып, аны өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылгандыгы белгилүү болду.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий