• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аламүдүн районунда көлмөгө чөгүп кеткен эки жаш жигиттин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Аламүдүн районунда көлмөгө чөгүп кеткен эки жаш жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунда кечээ, 23-август күнү ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 22 жаштагы 2 жигит чөгүп кеткен.

Бүгүн, 24-августта издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылып, саат 11:50дө куткаруучулар 2 адамдын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий