• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районун ИИБне 1963-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 27-июль күнү такси айдап жүрүп, Бишкек шаарындагы Ош базарынан ага кардарлар отуруп, ГЭС-5 айылына жеткирип коюусун суранган. Болжол менен саат 21:00 чамаларында көрсөтүлгөн дарекке жеткен учурда арткы орунда отурган балдардын бири айдоочуга кол көтөрүп, аны муунтуп, дагы бири автоунаанын ачкычын жана телефонун тартып алган.

Айдоочу бейтааныш балдардын колунан араң бошонуп, унаасындагы бычакка жетип, өзүн коргогонго аракет кылган. Ошол учурда кол салып жаткан балдар белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Дароо бул боюнча жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнин жана Аламүдүн РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1997-жылы туулган Б.Н., 1992-жылы туулган А.А. жана 2002-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жарандар кармалган.

Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий