• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүн районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Аламүдүн районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 27-февраль күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Өскөн-Ордо жаңы конушунун 51 жаштагы жашоочусу А.Б. арыз менен кайрылып,үстүбүздөгү жылдын 27-февралына караган түнү анын короосуна белгисиз бирөөлөр кирип, бодо малын уурдап кеткенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Чүй облусунун ИИББинин жана Аламүдүн РИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Ысык-Көл облусунда туулуп өскөн 30 жаштагы К.У. аттуу жаран кармалган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кылмышка шектүү жарандын Аламүдүн районунун аймагындагы ушул сыяктуу дагы бир кылмышка катыштыгы бар экендиги такталган. Учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий