• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүндө эркек киши мас абалында бөтөлкөлөшүнө бычак сайган

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Аламүдүндө эркек киши мас абалында бөтөлкөлөшүнө бычак сайган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 24-январь күнү болжол менен саат 21:17 чамаларында Аламүдүн РИИБине Пригородное айылында бир жаран бычактан жаракат алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо Аламүдүн РИИБнин ыкчам тергөө тобу чыккан. Териштирүү учурунда Пригородное айылындагы эки жаран мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетип, бири бычак менен экинчисинин денеси залал келтиргени маалым болгон. Жабырлануучу 58 жаштагы А.А. экендиги такталып, ал Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Бул факты кылмыштардын билдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 50 жаштагы Д.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий