• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аламүдүн районунда санариптик телекөрсөтүүсү толугу менен калыбына келтирилди

Коом 0

Бишкек, 08.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда санариптик телекөрсөтүү толугу менен калыбына келтирилген.

“Кабар” агенттигине райондун жашоочулары кайрылып, 3 күндөн бери сыналгыда каналдар толугу менен иштебей, көп ыңгайсыздыктарды жараткандыгы тууралуу билдиришкен.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Кабар” агенттигине билдиргендей, калың жааган кар санарип телекөрсөтүүсүнүн баардык жабдыктарын иштен чыгарган. “Тилекке каршы жашоочулар санариптик көрсөтүүсүн көрө албай калган. Бирок адистер кечээ толугу менен жабдыктарды калыбына келтирүү иштерин аяктап, санариптик телекөрсөтүү толугу менен калыбына келтирилген”, - дейт Жаманкулов.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 15-майынан тарта Кыргызстан аналогдук телеберүүдөн толугу менен санарип телекөрсөтүү форматына өткөн.

Пикир

Оставить комментарий