• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аламүдүн районунда суудан адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычтан эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жерине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий