• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аламүдүн районунда турак үйдүн короосун суу каптады - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Аламүдүн районунда турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунда 18-май күнү саат 21:00дө жааган жаандын кесепетинен арыктан суу ашып, Пригородное айылынын Садовое көчөсүндө жайгашкан №29 үйдүн короосун суу каптаган.

Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу, айыл аймактан 1 экскаватор тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында суунун нугу бурулган.

Пикир

Оставить комментарий