• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүн районунда унаа оодарылып, 8 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 15.01.18. /Кабар/. Бишкек - Чуңкурчак унаа жолунда бир унаа оодарылып, 8 адам жабыркады,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-январда болжол менен саат 16:50 чамасында болгон.

“Окуя болгон жерге куткаруучулары барышкан. Жабыркаган сегиз адамдын экөө ооруканага баруудан баш тартышты. Калган 6 адам ар кандай жаракаттар менен Чүй облустук ооруканасына жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий