• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүн районунда унаа уурдоого шектүү адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. Аламүдүн районунун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери унаа уурдоого шектүү адамды кармашкан.

Облустук милиция кызматынан билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 22-март күнү Аламүдүн районунун Пригородное айылынын тургуну милицияга кайрылып, короосунда турган “Ауди 100” үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранып, арыз жазган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Учурда Тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

“Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иштеринин жыйынтыгында изи сууй электе 25 жаштагы Ж.М. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий