• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБине 29 жаштагы К.Б. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 8-январынан 16-январына чейинки убакыт аралыгында анын үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, шахталык мештин 100 даана жабдууларын уурдап кетишкенин билдирген.

Арыз ээсине келтирилген материалдык чыгым 25 миң АКШ долларын түзгөн.

Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 25 жаштагы К.Т. аттуу Чүй облусунун жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий