• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.18 /Кабар/. 2018-жылдын 8-март күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Төмөнкү-Аларча айылынын 31 жаштагы И.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 7-март күнү болжол менен саат 21:30 чамасында анын үйүнө белгисиз адамдар кирип, 17 миң сомдук кол саатын уурдап кеткенин билдирген.
Чүй ОИИББ басма сөз кызматы билдиргендей, бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 45 жаштагы Ж.Б.аттуу жашоочусу кармалып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий