• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук ИИБине жергиликтүү Д.В. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 17-апрелинен 24-апрелине чейинки убакыт аралыгында анын үйүнөн пневматикалык тапанча, револьвер жана курулушка керектүү электр жабдуусун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы уурулукка шектелип, А.И. жана Б.Р. аттуу жарандар кармалышкан.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектүү жарандардын Аламүдүн районунун аймагында дагы 5 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий