• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүн районунда жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Полевой айылында жаңы заманбап мечит ачылып, жалпы элге пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Заманбап салынган мечит «Ас-Санабил» кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, 200 орунга ылайыкташкан. Мечит менен кошо жаш өспүрүмдөрдүн таалим-тарбия алышына да ылайыкталып, эки бөлмөлүү чакан окуу корпус курулду.

Бул соопту иш-чаранын ачылыш аземине аталган фонддун өкүлү Доктор Мухаммад Маазы, КМАКтын мүчөсү Тажидин ажы Байтеитов, Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов, жергиликтүү бийлик өкүдөрү жана жалпы жаамат катышты.

Пикир

Оставить комментарий