• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүн районундагы БЧК суусуна бир адам чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Аламүдүн районундагы БЧК суусуна эркек киши чөгүп кеткендигин ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. Кырсык кечээ саат 13:50 чамасында Дача айылында болгон. Издөө иштерине 6 куткаруучу тартылган. Бир сааттан соң куткаруучулар кишинин сөөгүн табып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Мындан тышкары куткаруучулар 2-июлда БЧК суусуна чөгүп кеткен 15 жаштагы баланын денесин издеп жатышат. Маалымдалгандай, издөө иштери Ысык-Ата районундагы Ново-Покровкадан Сары-Жонго чейин изделүүдө.

Ош шаарында 3-июлда саат 08:56 чамасында ӨКМге Масалиев көчөсүндө унаа каналдагы сууга түшүп, айдоочусу унаадан чыга албай жатканы кабарланган. Куткаруучулар айтылган дарекке барганда эч нерсе табышкан эмес. Чакыруу жалган болуп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий