• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Аламүдүн районундагы эки айылдын жашоочулары нааразычылык акциясына чыкты

Аймак 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Бүгүн Аламүдүн районунун Ленин айылындагы жолду Ак-Дөбө айылынын тургундары тосуп алышкан. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жерине дароо милиция кызматкерлери барган.

Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 15 мүнөттөн соң унаа жолу ачылган.

Учурда милиция кызматкерлери жеринде коомдук тартипти камсыз кылууда.

Мындан тышкары, жеринде Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин жетекчилиги президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Аламүдүн районунун акими менен биргеликте жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Айрым маалыматтарга ылайык, тургундар өз айыл өкмөттөрүнө тиешелүү басып алынган жерлерди каттабоону талап кылууда.

Пикир

Оставить комментарий