• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аламүдүн районундагы мал базарда жаш жигит бычактан алган жарааттан каза болду

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Аламүдүн районундагы мал базарда бир адам жаш жигитке бычак сайып, ал каза болгон. Шектелүүчү катары 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, 28-июль күнү Аламүдүн районунун милиция бөлүмүнө Төмөнкү Ала-Арча айылында бир адам бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя жерине дароо барышкан.

Белгилүү болгондой, белгисиз жаран мал базарлардын биринде 27 жаштагы Т.Ж., аттуу жаранга бычак сайган. Алган жаракатынан улам ал ошол жерде каза болгон.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 130-берене ("Киши өлтүрүү") боюнча каттоого алынган.

Андан кийин бул ишке шектүү катары 35 жаштагы М.Б., аттуу жаран Бишкекте кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, ал окуя эки жигиттин ортосундагы чырдан улам келип чыккан.

Учурда шектелүүчү Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында камакка алынган.

Тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Сотко чейинки иштер жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий