Аламүдүн районундагы муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Аламүдүн районундагы муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусундагы Аламүдүн районунун муниципалдык ишканалары жана мекемелери тарабынан бөлүнгөн каражаттарга алынган 400 азык-түлүк баштыкчалары муктаж болгон үй-бүлөлөргө таратылууда.

Ар бир баштыкчага 1 литр өсүмдүк майы, 1 пачка чай, 2 кг макарон, 5 кг ун салынып, гуманитардык жардамдын жалпы суммасы – 152 400 сомду түзгөн.

Ошондой эле 500 азык-түлүк баштыкчалары Воронцовка айылында жашаган жарандарга таркатылган.

Пикир

Оставить комментарий