• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүн районундагы өрттөн 64 жаштагы киши менен торпок тирүүлөй күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Чүй облусунун Аул көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттөн 64 жаштагы киши жана бир торпок тирүүлөй күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аламүдүн районундагы жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры жана жанаша жайгашкан чарбалык курулуштун ичинде 10 чарчы метр таштанды жана бир торпок күйгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен 64 жаштагы М.С., аттуу киши каза болгон. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий