• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аламүдүн районунун аймагында балдардын сууга чөгүүсүн алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 24-25-июль күндөрү Аламүдүн районунун аймагындагы агын сууларда, суу сактагычтарда, көлмөлөрдө жана каналдарда сууга түшкөн өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чара Аламүдүн РИИБдүн жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулуп, ага Аламүдүн РИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, райондук билим берүү бөлүмү, социялдык өнүктүрүү кызматы жана райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү катышышты.

Алдан алуу иш-чарада милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен суу сактагычтарда сууга түшүшкөн жарандарга кулактандыруу ирээтинде эскертүүлөрдү айтышып, агын сууларда каналдарда жана башка сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерде жуунуп жатышкан өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сууга чөгүү кырсыктардын алдын алуу үчүн жай мезгилинин аягына чейин Аламүдүн районунун аймагында биргеликте алдан алуу жана түшүдүрүү иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий