• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүн районунун акиминин орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Аламүдүн районунун акиминин орун басары, жер мунапысы боюнча комиссиянын төрагасы А.Б.Н. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.Б.Н. коррупцияга шектелүүдө.

Алсак, райондук мамлекеттик администрациянын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссия Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы айдоо жерлерди жер мунапысына киргизип, калктуу конуштар категориясына билип туруп мыйзамсыз которушкан.

Бүгүнкү күндө тергөө тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдар аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий