• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүн районунун Байтик айылында коомдук алдын алуу борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 27-июлунда Аламүдүн районунун Байтик айылында коомдук алдын алуу борборунун имаратынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун жана Saferworld уюму менен кызматташтыкта Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилигинин “Наркотикалык заттардын эл аралык жүргүртүүлүсүнө каршы күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү” боюнча бөлүмүнүн колдоосу астында жана “Кыргыз Республикасынын жамааттарында кызматташтыкты жана өнөктөштүктү өнүктүрүү” долбоорлорунун алкагында ишке ашырылган.

Коомдук алдын алуу борборунун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн жетекчилиги, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Кыштообаева Гульмира Алимбекова, Сейферуорлд (Saferworld) уюмунун өкүлү Стефан Стоянов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.

Коомдук алдын алуу борборун оңдоп-түзөө иштерине жана компьютердик жабдуулар, эмеректер менен камсыз кылууга жалпысынан 800 миң сомдон ашуун каражат жардам көрсөтүлгөн.

Аталган курулуш иштерине Байтик айыл өкмөтү тарабынан 1 млн 696 миң 200 сом акча каражаты бөлүнгөн.

Жаңы ачылган коомдук алдын алуу борборунда иштеген сот аксакалы, милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлоруна, аялдар кеңеши, жаштар уюмдары үчүн бардык шарттар түзүлүп, зарыл болгон техникалар менен камсыздалган.

Белгилей кетсек, Аламүдүн районунун аймагында 17 айыл аймагы жайгашкан алардын ичинде район боюнча 15 коомдук алдын алуу борборлору иш алып барышат.

Коомдук алдын алуу борборлору жергиликтүү жашоочулар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүшөт. Аларга түшкөн арыз-даттанууларды, мыйзамсыз аракеттерди жана жашоочулар арасындагы түшүнбөстүктөрдү кароо жана аларды чечүү боюнча жумуштарды алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий