• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды

Коом 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында кайрымдуулук иш-чарасы өтүп, айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр жеткирилип берилди. Бул тууралуу Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов билдирди.

Анын айтымында аталган кайрымдуулук иш-чара Кара-Жыгач айылынын имамы Таиржан ажы Ибрагимовдун демилгеси менен ишке ашып, ага кайрымдуу айыл тургундары демөөрчүлүк кылышкан.

Иш-чара алкагында жалпысынан 60 миң сом каражат топтолуп, ага күнүмдүк турмушка керектелүүчү ун, күрүч, суу май жана башка азык-түлүк алынып, айыл ичиндеги колу жука 18 үй-бүлөгө тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий