• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүн районунун тургуну Александр Заноза: Биздей таланттуу элдин президенти- Сооронбай Жээнбековдой жакшы адам болушу керек

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 04.10.17 /Кабар/. Митинг, чакырыктар, кандайдыр бир ураандарсыз эле Сооронбай Жээнбеков эмне жасаганын жана келечекте эмне жасаарын жөнөкөй жана так айтып берди, деп билдирди Аламүдүн районунун тургуну Александр Заноза Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Чүй областынын Аламүдүн районунун тургундары менен болгон жолугушууда.

Александр Занозанын айтымында, Сооронбай Жээнбековдун өмүр таржымалы – бул элден, айылдан чыккан жөнөкөй адамдын өмүр баяны. «Биздин таланттуу, эмгекчил элибизге рахмат. Биз баарын өз колубуз менен жасап жатабыз, четке чыгып үйрөнүп, кайра келип, эми карасаңар, кандай үйлөр салынып жатат, алардын жасалгасын карап көргүлө. Биз колубуздан келээрин, баарын билээрибизди далилдедик. Сооронбай Жээнбеков – бул КСДПнын талапкери, ойлонуп көрсөк, бул партия менен акыркы алты жыл кандай болду? Бул 6 жыл тынч болду, каалагандар жер иштетишти, каалагандар ишкерлик менен алек болушту, эч ким тартып алган жок жумуштарын. Кичи жана орто ишкерлик, айыл-чарбачылык өнүгүп жатат. Талаада малина терип, кызылча айдап жатабыз, быйылкыдай деги эле түшүм болгон эмес. Алмазбек Шаршенович президентибизге ыраазычылык. Ал биздин республиканы командасы менен, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен биргеликте туруктуу өнүгүү жолуна түшүрдү. Газ түтүктөрү салынып жатат, айылдарга ар-бирүйгө газ келет, мурда ушундай болот деп ойлодук беле? Биздей талантуу элдин президенти жана өкмөтү да жакшы болуш керек. Сооронбай Жээнбеков – биздин талапкер! Ал мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан жогору коет!», - деди Александр Заноза.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 04.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий