• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүн районунун жашоочусунан белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал алынды

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунун жашоочусунан белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал алынды, ал аны сатууга аракет кылган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 27-апрель күнү Аламүдүн райондук ИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 40-45 жаш курактагы европа улутундагы эркек киши эч кандай тиешелүү документтери жок ок атуучу курал сактап жүргөнү жана аны сатууга аркет кылып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.

Аталган маалыматты текшерүү максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жогорудагы жарандын өздүгү аныкталган.

Ал 1970-жылы туулган Лебединовка айылынын жашоочусу К.В. экендиги такталып, териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда ал белгисиз үлгүдөгү куралын өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине тапшырып берген.

Бул окуя кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, куралга тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий