• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүн РИИБнин жаңы башчысы дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын жаңы башчысы болуп Талантбек Асаналиев дайындалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй ОИИББнин башчысы милициянын полковниги Самат Курманкулов Аламүдүн РИИБнин курамына жаңы жетекчини – милициянын полковниги Талантбек Асаналиевди тааныштырган.

Талантбек Асаналиев 1975-жылы төрөлгөн. Жогорку билимдүү.

Ички иштер органдарында 1993-жылдан тарта иштейт. Ички иштер органдарындагы кызматын Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнүн 8-шаардык милиция бөлүмүндө коопсуздук кызматкери болуп иштөөдөн баштаган.

Кызмат өтөө учурунда коопсуздук кызматкери, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук коопсуздук кызматери болуп эмгектенген. Бир катар жетекчилик кызматтарда иштеген. 2018-жылдын июнунан бери Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын экинчи башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий