• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аламүдүн суусуна агып кеткен кызды издөө иштери улантылууда

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Аламүдүн суусуна агып кеткен кызды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, 15-август күнү "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.

Бүгүн саат 08:00дө издөө иштерине КР ӨКМнин Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 10 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 6 суучул, Аламүдүн райондук ӨК бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 10 куткаруучу, Ысык-Ата райондук 27 ӨКБдан 10 куткаруучу, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу, жалпы 66 куткаруучу тартылган. Издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий