• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүн суусуна бир ай мурун түшүп кеткен кыз табыла элек

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Чүй облусунда 15-август күнү "Теплые ключи" эс алуу жайындагы Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 14-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден жалпы 24 куткаруучу тартылып, саат 18:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Ошондой эле Нарын облусунун Кочкор районунда 7-август күнү Чу дарыясына 7 жаштагы бала чөгүп кеткен. 14-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден 6 куткаруучу тартылды. 15-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий