• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыз 10 күндөн бери изделүүдө - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыз 10 күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 15-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.

Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында саат 07:20да КР ӨКМнен жалпы 32 куткаруучу тартылган. Учурда издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий