• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кызды издөө иштери уланууда - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 15-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.

Бүгүн, 29-август күнү издөө иштерин улантуу максатында жалпы 27 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий