• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүн суусуна жеңил унаа түшүп кетип, айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 20.12.17./Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районуда унаа сууга түшүп кетип, бир адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 20-декабрда болгон.

“Кой-Таш айылынын Жаннат ден-соолукту чыңдоо борборунун тушунда "Фольксваген-Жетта" үлгүсүндөгү жеңил унаа Аламүдүн суусуна түшүп кеткен. Натыйжада 40 жаштагы айдоочу Ш.Н., аттуу жаран каза болгон”,-деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар айдоочунун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий