• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кызды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында саат 07:30да жалпы 37 куткаруучу тартылган.

Кошумча маалымат берилет. Издөө иштери министр З.Аскаровдун жеке көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий