• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүндө 21 жаштагы кыз Ала-Арча суусуна түшүп каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 16.08.22./Кабар/. Аламүдүн районунда 21 жаштагы кыз Ала-Арча суусуна түшүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ала-Арча эс алуу жайында Ала-Арча суусуна 2001-жылы туулган Т.Г. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, саат 18:20да аталган жарандын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий