• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аламүдүндө 50 миң долларлык кол саатты уурдоого шектелген жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.01.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда 50 миң долларлык кол саатты уурдоого шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук милициясына арыз менен 59 жаштагы Ц.А. аттуу жергиликтүү тургун кайрылган. Белгисиз адамдар 20-январда арыз ээсинин үйүнө кирип, 7 миң 800 долларын, 50 миң сомдук кол саатын, 400 долларлык уюлдук телефонун, зер буюмдарын уурдап кеткен.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Керектүү ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Ю.А. аттуу жаран кармалган.

Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бардыгын текшерүүдө.

Пикир

Оставить комментарий