• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аламүдүндө аялдар өздөрүн өрттөйбүз деп коркутушууда

Коом 0


Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. “Пригородное” айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратында аялдар өздөрүнө бензин куюп алышып, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутушууда.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, аймактык милиция, Аламүдүн райондук ИИОнун кызматкерлери жана аталган ведомствонун жетекчилиги окуя болгон жерге жөнөп кетишти.

Окуя болгон жерде коомдук коопсуздукту сактоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле, жергиликтү өзүн-өзү башкаруу органдары аялдарга түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Айрым маалыматтарга караганда, аялдар бир нече жыл мурда банктан насыя алышып, төлөй албай калышкан.

Пикир

Оставить комментарий