• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүндө алдамчылыкка шектелген адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.01.22. /Кабар/. Аламүдүндө алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБне алдамчылык фактысы боюнча арыз менен Д.Т. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамга чара көрүүнү суранган, анткени ал ишенимине кирип, анын 18 000 сомдук «Редми» үлгүсүндөгү телефонун алдоо жолу менен ээлеп алган.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыштын негизинде Аламүдүн РИИБне катталган. Сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан
мурда соттолгон 1997-жылы туулган С.Т. аттуу жаран аныкталып, РИИБге жеткирилген.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий