• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аламүдүндө Беш-Күнгөй аймактык милиция бөлүмчөсүн куруу үчүн капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-декабрда Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй аймактык милиция бөлүмчөсүн куруу үчүн анын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарга КР ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурил Алымбаев, Чүй ОИИББнын башчысы Сапарбек Асаналиев, Аламүдүн районунун администрация башчысы Бактибек Анаркулов, Аламүдүн РИИБнин башчысы Нурланбек Эркинбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты.

Иш-чарада Аламүдүн РИИБнин жетекчилиги тарабынан курулуш иштеринин планы тааныштырылып, эки кабаттуу имараттын курулуш иштери 2022-жыл ичинде аяктоо мерчемделгени белгиленди. Учурда аталган курулуш иштери ИИМдин курулуш монтаждоо башкармалыгы тараптан жүргүзүлүүдө. Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев милиция кызматкерлеринин шарттарын жакшыртуу алардан натыйжалуу иш алып баруусуна өбөлгө болорун белгиледи.

Ал эми имарат курулуп ишке кирген соң, тергөө кызматынан кызматкерлерди бул бөлүмчөгө жайгаштырып келечекте аймактык бөлүмчөдө тергөө ыкчам тобу жарандардан түшкөн кайрылууларды тейлөөнү ишке ашырууга ылайыктоо зарылдыгын Чүй ОИИББнын башчысы Сапарбек Асаналиев белгиледи.

Жергиликтүү тургундар коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн милиция кызматкерлери ар дайым элдин кызматында жүрүшкөнүн айтышып, жаңы имараттарды куруу замандын талабы экенин кошумчалашты.

Эске сала кетсек, Беш-Күнгөй аймактык милиция бөлүмчөсү жайгашкан имарат 2019-жылы Кой-Таш окуясы учурунда өрттөлүп, жараксыз абалга келген.

Пикир

Оставить комментарий