• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүндө бирөөнүн мүлкүн уурдоого шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда бирөөнүн мүлкүн уурдоого шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды.Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомвтвонун маалыматына ылайык. милицияга арыз менен ушул жылдын февраль айында Д.У. кайрылып, түнкү убакытта чала тааныш болгон Ж. аттуу жаран өздүк буюмдарын жана акча каражаттарын уурдап кетгендгин билдирген.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин уурулук беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Уурулукка шектелип, 1992-жылы туулган Т.Ж.аныкталып, издөө жарыяланган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында издөөдө жүргөн Т.Ж. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий