• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүндө эки күн мурда жоголгон малчынын сөөгү табылды

Коом 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда кийимдери суунун жээгинен табылган малчынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-август күнү 37 жаштагы У.С. аттуу малчы мал кайтарууга чыгып кетип кайтып келген эмес.

Жогоруда аталган жарандын кийимдери Октябрская жана Лубиная айылдарынын ортосунан агып өткөн Чу суусунун жээгинен табылган.

Бүгүн, 9-августта жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 8 куткаруучу тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:23тө куткаруучулар тарабынан аталган жарандын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий