• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүндөгү суу сактагычка 3 өспүрүм чөгүп кеткен — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Кечээ, 20-июлда Чүйдүн Аламүдүн районундагы "Кыргызстан" жаңы конушунда жайгашкан суу сактагычка 10 жаштагы М.И.С. аттуу бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баланын сөөгү суудан жергиликтүү тургундар тарабынан чыгарылган.

Ошондой эле Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы 3-суу сактагычына 17 жаштагы Ж.к.А жана 14 жаштагы С.Ж. аттуу кыздар чөгүп кетишкен.

Кыздардын сөөгү суудан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий