• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүндөгү жол кырсыгы: Унаалардын бири өрттөнүп, 1 адам каза болду, жабыркагандар бар

Кырсык 0

Бишкек, 05.05.18. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Алма-Ата көчөсүндө жол кырсыгы катталды. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 5-майда болжол менен саат 18:25 чамасында "КамАЗ" унаасы менен "Тойота Прадо" үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Натыйжада “Тойота Прадо” унаасынан өрт чыгып, 1 адам каза болуп, дагы экөө жабыркаган.

Учурда маркумдун жана жабыркагандардын өздүгү такталууда.

“Унаадан чыккан өрт кечки саат 19:25те толугу менен өчүрүлгөн”,-деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий