• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аламүдүндө ички иштер органдарынын өкүлдөрү жергиликтүү жашоочулар менен жолугууда

Аймак 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Октябрь жана Васильев айылдарында ички иштер органдарынын өкүлдөрүнүн жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Аламүдүн РИИБнин башчысы Нурланбек Эркинбаев, райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү бийликтин, салык кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү жашоочулар катышты.

Аламүдүн райондук ИИБнин жетекчилиги үстүбүздөгү жылы милиция кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасап, анын ичинде милициянын көчмө кабылдамасы менен өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу айтып берди. Андан сырткары, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип, айрым ички иштер органдарына байланыштуу маселерди өз көзөмөлүнө аларын белгиледи.

Жыйында жергиликтүү жашоочулар мамлекеттик башка кызматтарга социалдык жана башка маселелери менен кайрылышып, жоопторду алууга мүмкүнчүлүк болду.

Жолугушуу учурунда дыйкан, фермерлер үчүн мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктар тууралуу КР президентинин жарлыктары жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий