• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аламүдүндө кумар оюндарына берилген адам дайынсыз жоголгон

Коом 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн райондук милициясы дайынсыз жоголгон 46 жаштагы Руслан Сыдыковду издөөдө.

Маалыматка ылайык, Сыдыков 8-апрелде Аламүдүн районунун Ленин айылындагы Садовая көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес. Ал автоунааны ижарага алгандыгы айтылат.

Белгилери: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара жана кыска, жүзү тоголок, мурду кырдач.

Кийими: кара түстөгү жеңил спорт кийими, кызгылт кофта, кара классикалык шым, бутунда күрөң туфли.

Сыдыков аксап басат (оң буту) жана аппендициттин айынан 10 см тырыгы бар.

Ыкчам маалыматка ылайык, дайынсыз жоголгон жаран кумар оюндары менен алектенип келген. Ошондой эле бир нече күн мурун ал Ош базарында жүргөндүгү айтылат.

“Кимде-ким Руслан Сыдыковду көрүп-билгендер болсо, (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 36-35-27, (0312) 36-35-23, 0709 21-18-08, 0550 34-33-63, 0778 00-09-99 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий