• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аламүдүндө курулуш вагонунан өрт чыгып, ичинен адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Аламүдүндө курулуш вагонунан өрт чыгып, ичинен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кырман айылында жайгашкан жалпы аянты 40 чарчы метр болгон курулуш вагону жана “Спец-Кар-Ваш” унаа жуучу жайынын 20 чарчы метр пластик дубалы күйгөн.

Вагондун ичинен күйүп калган адамдын сөөгү табылган. (аты жөнү такталууда).

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий