• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аламүдүндө кыз ала качуу фактысы тастыкталган жок — Чүй облустук милициясы

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Аламүдүндө кыз ала качуу фактысы тастыкталган жок. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-апрель күнү Аламүдүн РИИБнин нөөмөт бөлүгүнө жаш кызды алып качып кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн.

Дароо Аламүдүн РИИБнин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, териштирүү иштеринин алкагында 20 жаштагы З.А. аттуу кыз суралып, ал төмөндөгүлөрдү билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын 20-апрель күнү З.А. курбусуна такси чакырып, такси көрсөтүлгөн дарекке барган учурда, ал жерден жаш кызды бир бала унаага салып, айланма жолду карай айдап кеткенин таксист билдирген учурда, ал окуя боюнча дароо ички иштер органдарына кабарлаганын айткан.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында кыздын жана болжол менен алып качты деген баланын өздүктөрү такталып, алар- 1999-жылы туулган М.Ж. жана С.К. аттуу жарандар болушкан. Алардын дареги такталып, милиция кызматкерлери тарабынан Аламүдүн РИИБне жеткирилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кызды эч кандай алып качуу болбогонун, кыз сүйлөшүп жүргөн жигитинин унаасына өзү отурганын билдирип, алар кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөнүнө бир канча жыл болуп калганын билдиришкен.

Алардын ата-энелери да суралып, алар да балдары кыз-жигит болуп көптөн бери сүйлөшүп жүрүшкөнүн тастыкташып, ушул жылдын күз айларында үйлөндүрүү пландары бар экенин айтышкан.

Жогорудагы кыз жана анын ата-энеси эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, мындан аркы териштирүү иштерин токтотууну суранышкан. Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий