• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Аламүдүндө мыйзамсыз жерлерди басып алууга аракет көргөндөргө катуу чара көрүлөрү айтылды

Аймак 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Аламүдүн районунун акими жана райондук милициянын башчысы 7-февраль күнү жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада Пригородное айылынын жана Алтын-Казык жаңы конушунун жашоочулары менен Аламүдүн район акими Бактыбек Анаркулов жана райондук милициянын башчысы Нурланбек Эркинбаев жолугушуу өткөрдү.

Анда район аймагында аткарылып жаткан жумуштар менен тааныштыруу иштери болуп, андан сырткары, үстүбүздөгү жылда аткарылуучу жумуштар тууралуу пландар айтылды.

Жергиликтүү тургундар тарабынан айыл ичиндеги көйгөйлөр айтылып, ар бир көтөрүлгөн маселе район акиминин жана милициянын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды.

Жолугушуу учурунда Анаркулов милиция кызматкерлери тарабынан аткарылып жаткан жумуштарга токтолуп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу, кылмыштуулуктарды болтурбоо боюнча милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жана жашоочулар менен бирге иштерди жүргүзүп жатканын айтты.

Ошондой эле мыйзамсыз жерлерди басып алуу, айыл чарба багытындагы жерлерге үй курууга аракет кылган жарандарга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрү айтылды.

Пикир

Оставить комментарий